БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош: экинчи өтмөктүн курулушу кийинки жылы бүтөт
Вице-мэр Замир Юсупов эки деңгээлдүү өтмөк 2025-жылдын февраль айында толук курулуп бүтүп пайдаланууга берилерин айтты.
"Өтмөктүн курулушу ноябрда (ред-2024-жылдын ноябрь айында) бүтүшү керек эле. Бирок подрядчы компания улам-улам эле "жолду толугу менен тосуп бергиле. Антпесе ноябрга бүтө албайбыз" деген. Жолдун бир тарабы эле жабылып, жерди бир эле техника казып көп убакытты алды. Ошого бизге компания курулуш кечеңдешин алдын-ала эле эскерткен".
Монуев - Шакиров - Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу быйыл июнда башталган. Мэриянын маалымдашынча өтмөк жол тыгынын жоюу максатында курулууда. Быйыл кышка чейин пайдаланууга берилери пландалган. Аны курууга 269 млн сом сарпталат.
Бул шаарга курулуп жаткан экинчи өтмөк. Мында жер астынан-үстүнөн автоунаалар жана жөө адамдар өтүүгө ыңгайлаштырылган.
Биринчи өтмөк 2023-жылы Ош шаарында Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишине курулган. Ага мэриянын казынасынан 45 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Тендерден "Сапат Курулуш" компаниясы жеңип, куруп бүтүргөн. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat