БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ош шаарында жаңы борбордук көрүстөн ишке берилди

Ош шаарында жаңы борбордук көрүстөн ишке берилди

Сүрөт: Ош мэрия

Ош шаарынын Төлөйкөн муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жаңы борбордук көрүстөн иштетүүгө берилди. Мэриядан билдиришкендей, анын аянты 13 гектарды түзөт. Учурда айланасына тосмо, суу резервуары курулуп, атайын шаймандарды сактоого контейнер коюлган. 

Ошондой эле көрүстөнгө баруучу жолго асфальт басылып, мамычалар орнотулган. Долбоордү жүзөгө ашыруу үчүн жарандарды тейлөө бюросу тарабынан 10 миллион сомдук демөөрчүлүк жардам тартылганы айтылды.

Учурда коомдук транспорт үчүн аялдамдарды уюштуруу, ирригациялык тармактарды, тротуарларды куруу боюнча иштер жүрүүдө. 

Ош шаарындагы борбордук көрүстөндүн 95 пайызы толуп, жер изделип жатканы былтыр маалым болгон. Анын аянты 50 гектарды түзчү. Көрүстөнгө алгачкы жолу 1978-жылы сөөк коюлган. Калаада жалпы 13 көрүстөн бар. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 353 статей