БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарында Билим Айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды

Ош шаарында Билим Айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды

Сүрөт: интернеттен алынды

Ошто өткөн Билим Айтышта Мамбет Өмүр уулу биринчи орунду жеңди. Төкмө акындардын жарышы кечээ, 20-сентябрда болуп, 14 акын катышкан.

Айтышта 2-орунду Нурсултан Малдыбаев, 3-орунду Кутман Садыбакасов ээледи.

Бул айтыш тил, маданият, мурас темасына арналган. Ал Кыргызстандагы Интерньюс уюму жана Кыргыз улуттук “Манас” театрынын колдоосу менен өттү.

Интерньюс уюму бул долбоорду үч жыл мурун баштап, төкмө акындарга коомдук маанидеги контентти жаратууну жана аларды коомдук тармактарда жайылтуунун жаңы ыкмаларына үйрөтүп жаткан.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей