БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарында үч жерде арзан көмүр сатыла баштады

Ош шаарында үч жерде арзан көмүр сатыла баштады

Интернеттен алынды

Ош мэриясы калаанын үч жеринде арзан көмүр сатыла баштаганын маалымдады. Арзан баада сатуучу жайларды жергиликтүү бийлик «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте уюштурду.

 

 

 

Көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү. Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

 

  •  "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;
  •  «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
  • "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.

 

Буга чейин Т Медиа редакциясы Ош аймагындагы көмүр сатуучу жайларда кара алдындын  баасы  7,5 сом экендигин тактаган. Жергиликтүү тургундар көмүр быйыл эрте кымбаттаганына нааразы болушкан.

 

Жергиликтүү бийлик жыл сайын шаар аймагында арзан баада көмүр сатуучу жайларды уюштурат. Бирок анда сатылган көмүрлөр салыштырмалуу майда экендигин сатып алуучулар айтып келишет. Быйыл кандай сапаттагы көмүрлөр сатылаарын Ош шаардык мэриясы ачыктаган жок.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей