БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарында ККМ аппаратына каршы нааразычылык акциясы өтүүдө

Ош шаарында ККМ аппаратына каршы нааразычылык акциясы өтүүдө

Сүрөт: t-media/ Зыягүл Болот кызы

Бүгүн, 1-декабрда Ош мэриясынын алдына "Бостон", "Тешик-Таш" жана "Бексултан" базарларында иштегендер салык саясатына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар көзөмөл-кассалык машина (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип жатат. "Т-Медианын" кабарчысы жеринен билдиргендей, акцияга 100гө чукул адам келген. 

Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышууда.

30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарындагы айрым соодагерлер да митинг уюштурушкан. Алар Акылбек Жапаров жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин келишин талап кылышкан. Соодагерлер өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтууда.

Жергиликтүү басылмалар ошол эле күнү "Орто-Сайдын" соодагерлери да митингге чыкканын жазып, видеолорун таратышты.

Ушундай эле нааразычылык акциясы 29-ноябрда Ошто болгон. Анда Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, райондук администрациянын алдына митингге чыгышкан.

Окуядан кийин Салык кызматы билдирүү таратып, стратегиялык объектилерге кирген "Дордой" жана Кара-Суудагы "Тураталы эл базары" 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМ, ЭТТН жана ЭЭФтен бошотулганын маалымдаган. Бул ошол базардын ичинде гана болгон соода-сатыкта иштейт.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи.

Автор: Т-Медиа > 353 статей