БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарында селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош шаарында селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош шаары.18-май,2024.

Ош шаарынын аймагында 18-майда катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жаз-жай мезгилиндеги туруксуз аба-ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтары, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү, сел кеткен тилкелерди тазалоо боюнча ыкчам чаралар көрүлөт. 

18-майда жааган жамгырдан улам Ош шаарынын Достук кичи районундагы эки үйдүн, Чкалов көчөсүндө бир үйдүн жер төлөсүн суу каптаган. Анын кесепетин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынан 58 куткаруучу тартылган. Министрликке 35-40 жаштар чамасындагы, азиат тектүү аялды суу агызып кеткени боюнча маалымат түшүп, куткаруучулар Ак-Буура дарыясынан анын сөөгүн алып чыгышкан. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей