БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто төрөттөн бир келин каза болду

Ошто төрөттөн бир келин каза болду

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаардык ооруканасынында 30 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну төрөттөн каза болду. Окуя 3-апрелде болгонун "Т-Медиага" Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, келин жүрөк кемтиги оорусу менен ооруган. Ал 25-мартта оор абалда Ош шаардык перинаталдык борборуна түшүп, 3-апрелде өзүнө келбей каза тапкан. 

"Ичиндеги балага 33 жума болуптур. Түйүлдүктөгү баланы аман алып калыш үчүн кесарево кылышып, жыйынтыгында эки килограмм 350 грамм салмактагы кыз төрөлдү. Дарыгерлер бардык күчүн жумшаганына карабай келин 25-марттан 3-апрелге чейин реанимацияда жатып каза болду. Азыркы учурда ымыркайдын абалы жакшырды. Салмак кошуп жатат", - деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда 38 аял төрөттөн каза болгон.

Ал эми быйыл жыл башынан бери беш келин төрөттөн каза тапканы расмий айтылып, алардын жакындары буга дарыгерлерди күнөөлөшөт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей