БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарында жылуулук берүү качан токтотулары айтылды

Ош шаарында жылуулук берүү качан токтотулары айтылды

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаарында жылуулук берүү кийинки апта токтолушу ыктымал. Бирок бул толук чечим эместигин мэрияга караштуу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" мекемесинин жетекчиси Бекмурза Эргешов "Т-Медиага" билдирди.

Анын айтымында, жылуулукту токтотуу сутка ичиндеги аба ырайынын температурасынан көз каранды. 

"Жылуулук мэрия чечим чыгарып берсе өчүрүлөт. 11-мартка деп белгиленип жаткан. Бирок алдыңкы күндөрдө суук болот деп жатпайбы, ошого байланыштуу келерки жумага чечим чыгарып берсе керек".

Жылуулук берүү аба ырайына карап жөнгө салынат. Эрежеге ылайык, сыртта тепература беш сутка боюу 8 градустан төмөн түшпөсө, жылуулук берүү токтотулат. 

Былтыр Ошто жылуулук берүү 12-мартка караган түнү токтотулган.

Ош шаарын жылуулук менен эки мекеме камсыздайт. Муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы он беш миң абонентти тейлесе, Ош жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 21 миң абонентке жылуулук жеткирет.

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей