БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарында жылуулук качан өчүрүлөт?

Ош шаарында жылуулук качан өчүрүлөт?

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаарында жылуулук берүү кийинки апта токтолушу мүмкүн. Бирок бул толук чечим эместигин мэрияга караштуу “Жылуулук менен камсыздоо мекемесинин жетекчиси Бекмурза Эргешов билдирди.

“Жылуулук мерия чечим чыгарып берсе өчүрүлөт. 11-мартка деп белгиленип жаткан. Бирок алдыңкы күндөрдө суук болот деп жатпайбы, ошого байланыштуу келерки жумага чечим чыгарып берсе керек”.

Жылуулук берүү аба ырайына карап жөнгө салынат. Эрежеге ылайык, сыртта тепература беш сутка боюу 8 градустан төмөн түшпөсө, жылуулук берүү токтотулат. 

Былтыр Ош шаарына жылуулук берүү 12-мартка караган түнү токтотулган.

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей