БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарында "Золотая жизнь" суусундугу сатуудан алынууда

Ош шаарында "Золотая жизнь" суусундугу сатуудан алынууда

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарындагы соода түйүндөрүнөн "Золотая жизнь" аталышындагы суусундугу сатуудан алынууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы 3-июлда кабарлады

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандан чыгарылган аталган суусундуктан балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген  “азорубин Е 122” боёгун камтыйт деп табылган.

Мындай чара Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле соода түйүндөрүнүн ээлерине жогорудагы продукцияны сатууга тыюу салуу тууралуу тиешелүү көрсөтмөлөр берилүүдө.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей