БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу чуулгандуу "Манас Ата" кафеси буздурулууда

Оштогу чуулгандуу "Манас Ата" кафеси буздурулууда

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Наргиза Анарбай кызы

11-апрелде Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу "Манас Ата" кафесинин имартынын кызыл сызыкка чыгып кеткен жети метр жерин бузуу иштери жүрүүдө. 

Имаратты бузуу үчүн Жогорку Соттун чечими чыккан. Бирок ага макул болбогон мүлк ээси Ош облустук сотуна даттануу келтирип, бузуу иштерин убактылуу токтоттурган. Соттук иштери уланууда.

"Манас Ата" кафесиндеги чыр

Аталган кафедеги чыр 2022-жылы 27-июнда "Не сахар" берүүсү текшерүүгө келгенде башталган. Кафенин администрациясы "Не сахарга" тоскоолдук жаратып, эки тарап чырдаша кеткен. Бирок эфирдин башталышында эле кафенин санитардык абалы талаптарга жооп бербегени камерага түшүп калган. Бул чыр соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, иш милицияга чейин жеткен. 

Кийинчерээк Ош мэриясы "Манас Атаны" жана башка кафелерди жапырт текшерген. Тамактануучу жайга 41 миң сом айып пул салынып, убактылуу жабылган. Ал эми 2022-жылдын 6-июлунда Ош шаардык прокуратурасы жергиликтүү бийликке "Манас Ата" кафесин сүрдүрүү сунушун берген.

2023-жылдын июль айында, Ош шаардык соту "Манас Атанын" ээлерин имаратты өз алдынча бузууга милдеттендирген. Андан сырткары алардан ортоктош түрдө 700 миң сом өндүрүлгөн. Кийинчерээк Жогорку сот имаратты өз алдынча буздуруу тууралуу эки инстациядагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей