БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: жолдорго кум, туз алууга 3 млн сом бөлүндү

Ош: жолдорго кум, туз алууга 3 млн сом бөлүндү

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы/ 2022-жыл

Быйыл Ош шаарындагы жолдорго кум, туз алууга жергиликтүү казынадан 3 миллион 200 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу "Т-Медиага" мэрияга караштуу Чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Эшмамбет Кармышаков билдирди. Анын айтымында, бул каражат жолдорду караган үч ишканага бөлүнүп берилет. 

Жолдорду кышында кардан тазалоо иштерин "Ош-Тазалык", Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты жана Жолдор башкармалыгы алып барат. Мындан сырткары Транспорт министрлигине караган мекеме да кошулат. Ал ишканага министрликтен каражат каралган. 

Ал эми тротуарларга кум, туз чачышпайт, анткени ал үчүн мэрия атайын каражат бөлбөйт. Учурда кардан кийин жөө жүрүүчү жолдорго көк музга айланып, шаардыктарга кыйынчылык жаратууда. Жаш балдардын муз тебүү аянтчасына айлангандары да жок эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей