БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө тротуралар жок же болсо да унаа токтотуучу, оңдоочу жайларга айланган. Мындай ыңгайсыздык жарандарды чоң жолдон басууга

Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө тротуралар жок же болсо да унаа токтотуучу, оңдоочу жайларга айланган. Мындай ыңгайсыздык жарандарды чоң жолдон басууга

1

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаңы Ак үйдүн имаратынын аянты алгачкы пландалган 17 миң чарчы метрден 39 миң чарчы метрге чоңойтулганын билдирди. Аянтты кеңейтүү сунушун президенттик администрациясынын кызматкерлери айтышкан. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

 

Туманбаев ушул себептен аталган долбоорду ишке ашырып жаткан компанияга бериле турчу жер тилкенин аянты да чоңойтулганын белгилеген.

 «Жаңы «Ак үй» президентибизден калган мурастардын бири болуп калат. Аталган курулушту баштоо муктаждыгы өлкөдөгү административдик имараттардын эскиргендигине жана шаар ичинде тыгын жаратпоо максатында келип чыккан. Биздин «Ак үй» биз көрүп келген өлкөлөрдүн бириникине караганда чоң, ал эми баасы жагынан 8-9 эсе арзан курулууда. Курулуштун сапаты жакшы, заманбап эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет. Аталган имарат жогорку деңгээлдеги конокторду тосууда, мамлекеттик иш чараларды өткөрүүдө керектүү шарттарды камсыздоо менен катар, кыргыз элинин сыймыгы болот.”Эшигин көрүп, төрүнө өт”- демекчи, элибиздин, мамлекетибиздин жүзү болгон имараттын курулушу өлкөдөгү архитектуралык баалуу жайлардын бири болуп, эл үчүн кызмат кылып турат», -дейт Туманбаев. 

Президенттин администрациясынын жаңы имараты мамлекеттик резиденцияга жакын  «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты бузулуп жаткан жерге салынууда. Курулушка былтыр 15-апрелде президент Садыр Жапаров капсула салган.

Буга чейин «Азаттык» жаңы Ак үйдү куруп жаткан «Иншаат строй билдингдин» компаниясынын негиздөөчүлөрү менен президенттин Иш баркармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин байланышы боюнча иликтөө жарыялаган. Аталган компания кулушутун акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат.

Автор: Т-Медиа > 355 статей