БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарынын бир нече райондорунда газ өчтү

Ош шаарынын бир нече райондорунда газ өчтү

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарында эки күндөн бери газдын басымы азайып, Озгур, Ак-Тилек, Юго-Восток, Авиа шаарчада жана Төлөйкөн микрорайонунда өчүп калды. Бул тууралуу жашоочулар билдирип жатат.

Ал эми "Ош Газ" ишканасынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматов бул абалды Өзбекстандагы газ тартыштыгы менен байланыштырып, учурда маселе боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын "Т-Медиага" билдирди.  

"Биз газды Өзбекстан мамлекетинен алабыз. Азыр аларда өздөрүндө газ жетишпей, бизге да жеткире албай жатышат. Бизге маалым болгондой учурда алардын Фергана, Андижан өрөөндөрүндө да газ жок экен. Анан азыр температура түшүп, күн сууктап калгандыктан улам басым да түшүп, жашоочулар арасында керектөөлөр көбөйүп кетти. Бул маселеге байланыштуу Бишкектен жетекчилерибиз сүлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", -деди ал.

Кыш-күз айларында газдын төмөндөшү өлкөнүн түштүгүндө акыркы эки жылдан бери байкалып келет. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей