БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Оштун бюджеттик угуусунда депутат вице-мэр Исаевдин отставкасын талап кылды
Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын быйылкы жылга бекитилип жаткан бюджетине коомдук угуу өтүүдө. Анда шаардык кеңештин депутаты Айбек Таалайбек уулу вице-мэр Марс Исаевди иштен кетүүсүн талап кылды. Эл өкүлү буга Исаевдин буга чейин айткан убадасын аткара албагандыгын жүйө келтирди.
Депутат мындан сырткары Ош шаарынын маданият башкармалыгынын алдындагы фольклордук эстрадалык тобуна 10 млн сомдун бөлүнүшү көп экенин сынга алды.
"ОшТВ телеканалына 2 млн сом деп жазыпсыңар. Бул медианы алып жатканда майлуу-сүттүү болот" деп айтпадыңыз беле? Бүгүн 2 млн сом болсо, кийинки жылы дагы көбөйүп, бюджетке зыянын тийгизет. Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн дейт. Сөзүңүздү аткара албадыңыз, отставкага кетип эле калбайсызбы".
Вице-мэри Марс Исаев депутаттын суроосуна жооп берип жатып маданият менен спорт тармагына көбүрөөк көңүл буруу керектигин белгиледи.
"ОшТВ телеканалынын директору 10 млн сом сураган. Айлык боюнча маселелер бар экенин билдирген. Анын ордуна 2 млн сом бөлүп, бюджетти көтөрүүнү талап кылдык. Ооба, ОшТВны алып атканда айтканбыз, мэриянын имаратында олтурат экен, "Ош" деген аты бар экен деп, медианы жойбой мэрияга алганбыз. Бир жыл акча бербедик. Быйыл 2 млн сомду болуп жатабыз, ушул үчүн болсо отставкага кетсе кетейин"- деди Исаев.
"ОшТВ" телеканалы 2022-жылы Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлгөн. Мында чечим Ош шаардык кеңеши кабыл алган. Буга чейин шаардык кеңешке Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдон "ОшТВны" мэриянын балансына өткөрүп алуу боюнча кат келгени маалымдалган. Байсалов аны Мамлекеттик мүлк фонду жоюла турганы менен түшүндүргөн.
"ОшТВ" телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 1990-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. 2010-жылы июнь окуясынан соң ээси алмашып, кыргыз тилинде иштеп баштаган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 417 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat