БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштун 3024 жылдыгын белгилөөлө 2,5 млн сом бөлүндү

Оштун 3024 жылдыгын белгилөөлө 2,5 млн сом бөлүндү

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы/ 2023-жыл

Ош шаарынын 3024 жылдыгын белгилөөгө калаа бюджетинен 2,5 млн сом бөлүнгөн. Ал толук сахнаны жасалгалоого коротулат. Ал эми салютка 800 миң сомдон ашыгыраак ажыратылган. Бул тууралуу "Т-Медиага" Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев билдирди. 

Ал эми Маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловдун айтымында, чет өлкөлүк ырчыларды майрамдык иш-чарага чакырууга шаар бюджетинен акча коротулган жок. Алардын чыгымдарын демөөрчүлөр көтөрүшкөн. Башкармалык алардын атын ачыктаган жок. 

Шаар күнүн майрамдоого өзбекстандык ырчы Озода Нурсаидова чакырылган. Коңшу Казакстандан да бири ырчы келет, азырынча ким чакырылары чечиле элек. Мындан тышкары Кыргызстандын белгилүү ырчылары да ырдашат.

"Чет элден келе турган ырчылар демөөрчүлөр тарабынан келүүдө. Азырынча чет элден бирөө эле келет. Казакстандан чакырып койдук.  Бирок жарнамага кошкон жокпуз. Келип калса ырдайт, келбесе жок". 

Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. Ага карата шаарда быйыл да бир катар маданий оюн-зоок программалар өткөрүлөт.

Болжолдуу 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

Автор: Осмонова Айдана > 645 статей