БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Жолдор башкармалыгын башчысы Арзыбек Жунусов кызматтан кетти

Ош: Жолдор башкармалыгын башчысы Арзыбек Жунусов кызматтан кетти

Сүрөт: t-media

Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов кызматтан кетти. Маалыматты "Т-Медиага" мэриянын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов ырастап, ал өз арызы менен 1-ноябрда кеткенин билдирди. 

 

Жунусовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. 

Ош шаарынын мэринин ошол эле күнкү буйругу менен Жолдор башкармалыгынын башчысы болуп Юруслан Камилов дайындалган. 

Арзыбек Жунусов аталган кызматта дээрлик 15 жылдан бери иштеп келген. 

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей