БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: шайлоого аралашканы айтылган мамкызматкерлерге чара көрүлдү

Ош: шайлоого аралашканы айтылган мамкызматкерлерге чара көрүлдү

Сүрөт: Интернеттен алынды

Оштогу шайлоо өнөктүгүнө катышкан делген мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүлүп, айрымдарын кызматтан бошотуу сунушу берилди. Бул тууралуу 25-апрелде Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө Ош мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары катышып жатат" деген маалыматтын негизинде атайын комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Эгамбердиев ээлеген кызматынан бошотулган. 

"Ош сууканалдын" жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчоровго жана Маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловго эскертүү берилди. Ал эми "Ош сууканалдын" башчысынын орун басары Талант Байкишиевди жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камчы Камил уулун кызматтан бошотуу сунушу жетекчилигине жиберилди.

Мындан сырткары Ош мэриясы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев менен "ГазпромКыргызстан" ЖЧКсынын "ОшГаз" филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовго карата чара көрүү боюнча аталган мекемелерге сунуш берген. 

Териштирүү учурунда шайлоо өнөктүгүнө аралашканы айтылган Маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Эгембердиев, "Ош жылуулук камсыздоо" ишканасынын кызматкерлери Алтынбек Жунусов, Кабылжан Абдибаитов, Раджи Жээналиев, Айзирек Атажанова, Сухраб Сайдуллаев жана Нооруз Ашимжан уулу учурда аталган ишканада иштебей жатканы аныкталган. 

24-апрель күнү эркин журналист Ыдырыс Исаков Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке өтчү шайлоонун жүрүшүндө бир катар мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашканы тууралуу иликтөө жарыялады. Материалда талапкер Бекмурза Эргешовдун шайлоо штабынынын алдында жогоруда аты аталгандардын жүргөнү айтылган. 

28-апрелде №7 Ош, №9 Кара-Суу жана №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ош округунан 13 талапкер ат салышууда. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей