БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош милициясы окуучулар үчүн "Ачык эшиктер күнүн" өткөрдү

Ош милициясы окуучулар үчүн "Ачык эшиктер күнүн" өткөрдү

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаардык ички иштер башкармалыгында калаадан жана аймактардан келген өспүрүмдөргө кесипке багыт берүү, кылмыштуулуктан оолак кармоо максатында "Ачык эшиктер күнү" уюштурулду. Иш-чара 17-апрелде өтүп, ага 500дөн ашык мектеп окуучалары катышты.

Иш-чарада окуучулар тартип сакчылардын, атайын отряддын иши менен таанышып, кызматтык иттердин мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болушту. Ошондой эле атайын каражаттардын, автоунаалардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат алышты.

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей