БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Өзгөчөлүгү бар балдар арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Ош: Өзгөчөлүгү бар балдар арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Сүрөт: Т-Медиа

"Спорт баары үчүн" урааны менен менен өткөн эл аралык чемпионат эки күнгө созулуп, бүгүн, 2-июнда жыйынтыкталды.

"Мелдештерге жалпы Кыргызстандын аймактарынан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия  өлкөлөрүнөн келген Даун синдрому, аутизм жана башка менталдык жактан өзгөчөлүгү бар 200гө жакын балдар катышып, алар эки күндүн ичинде категорияларга ылайык, бекитилген аралыкта чуркашты" деп билдирет Ош шаарынын мэриясы.

Жеңүүчүлөр шаардык спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана демөөрчүлөрдүн баалуу сыйлыктары ыйгарылды. Аталган иш-чара Кыргызстан атайын спортчулардын федерациясы тарабынан уюштурулган.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей