БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарлары жаңы жылды кандай чыгаша менен тоскону жатат?

Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарлары жаңы жылды кандай чыгаша менен тоскону жатат?

"Т-Медианын" коллажы

Саналуу күндөн кийин 2024-жыл кирип келет. Жаңы жыл майрамы жыл сайын өзгөчө шаң менен белгиленип, өлкөнүн бардык аймагында балаты тургузулат. “Т-Медиа” жаңы жыл үчүн Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарлары канча сом короторун карап чыкты. Тендерлерди уткан компаниялар кимге таандык жана буга чейин кандай иштер менен белгилүү болгон

Эң көп каражатты Ош мэриясы коротууда   

Ош мэриясы жаңы жылда 28 метрлик балатыны жана аянтты жасалгоолого 3 млн 400 миң сомго тендер жарыялаган. Сынакка эки компания катышып, эң көп сумма - 3 млн 399 миң сом сунуштаган "Дөөлөт групп" ЖЧКсы утуп чыккан. 

Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов кабарлагандай, каражаттын басымдуу бөлүгү аянтты жарыктандырууга сарпталат. Ушул эле сумманын ичине 31-декабрь күнү сахналык көрүнүштөрдү даярдоо жана концерт өткөрүү дагы кирген. Ал эми майрамдык салютту демөөрчүлөр алып бермей болгон

"Башка шаарларга салыштырмалуу балатынын айланасы тегеретилип кооздолуп, 20-22 метрге чейинки фотозона уюштурулат. Мындай жайдан 7-8и даярдалат. Мындан сырткары балатынын айланасы жарыктандыруу менен жасалат. Балатынын карказы былтыркы, ага жасалгасын гана алып жатабыз. Алар күндө аз убакыт турса эле күйүп калат. Мындан сырткары оюн-зооктор уюштурулуп жаткан жерге жаңы жылдык жарыктандыруулар жасалат. Салюттарды болсо демөөрчүлөрдөн күтүп жатабыз", -дейт Кадыркулов. 

Тендерден уткан "Дөөлөт групп" компаниясынын ээси Алмагүл Сапарбаева. Фирма 2020-жылы 20-июнда кайра каттоодон өткөн. Ачык булактардан ал тууралуу маалыматтарды таба алган жокпуз. Компания жыл башынан бери 22 миң сомдон ашык салык төккөн.  

Мындан тышкары Сапарбаеванын кеңири ассортименттеги товарларды дүңүнөн саткан  "Корпорация Памир" жана  билим берүү жаатындагы көмөкчү иштерди алып барган "Үй-бүлө академиясы" аттуу компаниялары бар. 

 

Жалал-Абад 899 миң сом коротту

Эми Жалал-Абадга келели. Мэрия быйыл борбордук аянтты шөкөттөөгө 1 млн сомго тендер жарыялап, "Мурат АФК"  аттуу компания 899 миң сомго баарын бүтүрүп берген. 20-декабрдын түнүндө калаанын борбордук Эркиндик аянтына орнотулган бийиктиги 27 метр балатынын оту жандырылды.

"Мурат АФК" компаниясынын директору Самат Осмонов бул акчага эмнелер жасалганын айтты:

"Балаты мэрияныкы. Ал акчага балатыны жасап, орнотуп берүү кызматы, кайра бузуу кирет. Оюнчуктары, жасалгасы жасалып, баннерлер чыгарылып коюлат. Январь айында кайра бузуп, мэрияга тапшырып беребиз. Каражаттын ичине салют кошулган эмес".

Юстиция министрлиги компанияга Канзада Осмонова ээлик кыларын маалымдайт. Фирма Жалал-Абад шаарындагы Жеңи-Жок көчөсү 32-үй дарегинде катталган. Ачык булактардан Осмоновага тиешелүү башка компания табылган жок. 

Ишкана жыл ичинде бюджетке 174 миң 600 сом төккөн. Бул сумма май-июнь айларында гана төлөнгөнү көрсөтүлгөн. 

Баткенге миллион

Быйыл Баткен шаарына 12 метр бийиктиктеги балаты тургузулду. Мэрия майрамга 3-ноябрдан тарта даярдык көрүп баштаган. 1 млн сомго тендер жарыяланып, бир компания жана үч жаран арыз берген. Жеңүүчү болуп 964 миң сом сунуштаган Каныбек Алтымышов табылган. 

Алтымышовдун "Имарат Баткен" деген жалгыз компаниясы бар. Фирманын аты жарым метр болгон тепкичтер тууралуу макалада аталган. Бул сүрөттөр Баткен шаарындагы борбордук стадиондо тартылган. Анда стадиондун сыйлуу коноктор отуруучу трибунасы кеңейтилип, тепкичине бетон куюлган. Анын аймагына ушул жылдын июль айында спорт комплексин курууга 8 млн 480 миң сомго тендер жарыяланган. Курулушту дал ушул "Имарат Баткен" ЖЧКсы дээрлик 8 млн сомго бүтүргөн.

Каныбек Алтымышов Баткен шаардык билим берүү башкармалыгы тамак-аш сатып алуу үчүн 4 млн сомдон ашык каражатка жарыялаган тендерге да катышкан. Ал эт жана дан өсүмдүктөрүн сатып алуу үчүн 1 млн 355 миң сом сунуштап утуп алган.  


Алтымышовдун "Имарат Баткен" компаниясы бул жылы мамлекеттик бюджетке 438 миң сом салык төккөн

Жыйынтык: Жаңы жылдык жасалалоого Ош 3 млн 399 миң сом, Жалал-Абад 899 миң сом, Баткен мэриясы 964 миң сом сарптады. Жыл сайын өлкөдөгү кичи жана ири шаарлар жаңы жылдык шаан-шөкөт үчүн миллиондогон каражат коротуп келет. А сиздин чыгашаларга пикириңиз кандай? Комментарийге калтырыңыз. 

Автор: Т-Медиа > 323 статей