БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Жаңы-Барак айылына курулуп жаткан үйлөрдүн 98инин пайдубалы бүттү

Ош:  Жаңы-Барак айылына курулуп жаткан үйлөрдүн 98инин пайдубалы бүттү

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Оштун Кара-Суу районундагы Жаңы- Барак айылына курулуп жаткан 101 турак жайдын 98инин пайдубалы бүтүп, 18 үйдүн жеңил конструкция дубалдардары тургузулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 30-майда кабарлады. 

Ал эми калган турак үйдүн жеңил конструкция дубалдардары 16-июнга чейин  бүтүшү пландалууда. 

Ошондой эле 160 батирлүү Ынтымак-Достук үйүн долбоорлоого архитектуралык уруксат кагаздары жана документтери даярдалып берилген. Долбоорго ылайык үй беш кабаттуу болуп, төрт блоктон турат. Ар биринде 40 даана батир болот. 

“Мындан сырткары кичи футбол аянтчасы жана эки кабаттуу 140 орундуу бала бакчасынын тиешелүү иш кагаздары даярдалып берилди”-деп жазылат маалыматта

Эске салсак, Өзбекстандагы Барак эксклавынан кыргызстандыктар ушул жылдын апрелинде Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп чыккан. 

Аларга Жаңы-Барак айылын куруу 6-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда башталган. Кыргыз бийлиги Барактан көчүрүлүп келгендерге 98 үй куруп берерин билдирген. Бул үчүн 270 миллион сом каражат бөлүнгөн. Турак-жай 31-августка чейин бүткөрүлөрү айтылган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей