БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: жол үстүндөгү өтмөктүн лифттери бир жылда экинчи жолу бузулду

Ош: жол үстүндөгү өтмөктүн лифттери бир жылда экинчи жолу бузулду

Сүрөт: "Т-Медиа"/Наргиза Анарбай кызы

Ошто жол үстүнөн өтүүчү өтмөктүн лифттери бузулуп, он күндөн бери иштебей турат. Шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Жеңиш Чоноев "Т-Медиага" учурда үч лифт иштеп жатканын, дагы бири оңдоого муктаж экенин билдирди. 

Маалыматка караганда, 10 күн мурун лифттердин экөө бузулган. Ага ысыкта тынбай иштегени себеп болгонун айтып жатышат. Бүгүн бир лифтти пайдаланууга берди. Дагы бир лифтти оңдоо үчүн Түркиядан тетиктер алынып келүүнүдө. Ал эки күндө ишке берилет. 

"Бир лифтин ремени үзүлүп кетти. Себеби ачык жерде жайгашып, күн ысыкта тынбай иштегендиги үчүн ушундай болуптур. Ал эми бирөөнүн ролиги сынып кетиптир. Тетиктерин Түркиядан алып келип оңдошту. Азыр бир эле лифт калды оңдоло элек. Эшиктери компьютер менен башкарылат экен, ошонун гана тетигин күтүп жатышат”- деди Чоноев. 

Жолдор башкармалыгы лифтти оңдоого кеткен каражатты ачыктаган жок. 

“Биз атайын бир фирма менен келишим түзүп, ишке алганбыз. Алар өтмөктөгү майда-чүйдө иштерди жасап турушат. Ал эми тетиктери кымбатыраак болгондуктан эми алар оңдоп бүтүп сметасы менен эсеп фактурасын алып келишет. Ошого карап акчасы которулат”.

Бул өтмөк Оштогу Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анын лифттери бир жылда экинчи жолу бузулуп жатат. 

Жол үстүндөгү өтмөк былтыр май айында курулушу башталып, августтун аягында пайдаланууга берилген. Өтмөктүн төрт тарабына лифт орнотулган. Курулушка шаардык казынадан 45 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Аны тендерден уткан "Сапат Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому курган.

Лифт орнотулгандан кийин, анын бат бузулуп калышынын алдын алуу максатында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, карылар жана кош бойлуу аялдардан башка жарандарга чыгууга тыюу салышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей