БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: жылуулук үчүн төлөм 10%га кымбаттады

Ош: жылуулук үчүн төлөм 10%га кымбаттады

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарында быйыл жылуулук үчүн төлөм 10%га кымбаттады. Ага ылайык, жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн баа калкка 1134 сомдон 1248 сомго көтөрүлдү. Өндүрүштүк, бюджеттик объектилер жана башка керектөөчүлөр үчүн 1802 сомдон 2052 сомго кымбаттады. Бул тууралуу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бекмурза Эргешов билдирди. Анын айтымында, жаңы нарк менен эсептөө калаа тургундарына жылуулук берилген күндөн башталат.


Төлөм акысы батирдин аянтына жараша жогорулап кете берет. Эргешов баанын жогорулашына көмүр жана электр энергиясынын кымбаттаганы себеп болгонун белгиледи.

«Жылуулуктун баасы 2015-жылдан бери туруктуу, бир наркта эсептелип келген. Анча-мынча укпагандар «Эмне себептен?» деп нааразычылык билдириши мүмкүн. Жылуулук канчалык сарпталганына карап ачасы эсептелинип чыгат», -деди ал. 

Мекеме ошондой эле шаар тургундарына жылуулук качан бериле баштарын тактады. Маалыматка ылайык жылытуу мезгили абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо башталат.

Ош шаарында «Жылуулук камсыздоого» караган 88 от казан бар. Ишкана 98 социалдык мекемеге, 308 көп кабаттуу үйгө, 270 жер үйгө жылуулук берет. Мындан сырткары калааны «Ош Жылуулук электр борбору» ишканасы дагы тейлейт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей