БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто ипотекалык шарттагы 105 көп кабаттуу үй салынат

Ошто ипотекалык шарттагы 105 көп кабаттуу үй салынат

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарында ипотекалык шартта бериле турган 105 көп кабаттуу үй курулат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, турак-жайдын 103ү аэропортко кеткен жолго салынат. Алар тогуз кабаттан туруп, жалпы 4986 батирлүү болот. Ал эми калган экөө калаанын Набережная көчөсүнө түшөт.  Анда жалпы 192 батир каралган.

Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдрахмановдун маалыматы боюнча, Набержная А2 дарегиндеги үйдүн котлованы казылган. Бирок каржы маселеси чечиле электигине байланыштуу курцулцш иштери токтоп турат. 

"Качан бүтөрү белгисиз. Ал каржыга көз каранды. Ал эми аэропорт тарапка салынары айтылган үй боюнча бизде маалымат жок". 

"Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында жарандарды турак жай менен камсыздоо негизги үч багытка бөлүнгөн:

- "Жеңилдетилген ипотека" - бюджеттик тармакта иштеген жарандар үчүн (мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер). Турак жай жылдык 4% менен баштапкы төлөмсүз 25 жылдык мөөнөткө чейин берилет;

- "Социалдык ипотека" - 15 жылдан ашык эмгек стажына ээ, расмий киреше булагы бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, калктын аярлуу катмарлары (жалгыз бой энелер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды багып жаткандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан чек арачылар, дарыгерлердин күнөөсү менен ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган балдар. Турак жай жылдык 4% менен баштапкы төлөмсүз 25 жылдык мөөнөткө чейин берилет;

 - "Арзан ипотека" - киреше булактарын расмий түрдө тастыктай алган жеке сектордо иштеген жарандар, анын ичинде өз алдынча иштегендерге берилет. Турак жай 20%дан өйдө баштапкы төлөм менен, 25 жылдык мөөнөткө дейре жылдык 8% менен берилет.

Автор: Айпери Мамытбекова

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей