БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошко Казакстандан 40 тонна гумжардам келди. Сүрөттөр

Ошко Казакстандан 40 тонна гумжардам келди. Сүрөттөр

Сүрөт: Ош мэриясы

Казакстандын Алматы шаарындагы "BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN" коомдук фонду Ош облусунда жана Ош шаарында селден жабыркагандарга гуманитардык жардам алып келди. Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 40 тонна болгон жүк төшөнчү жабдыктар, азык-түлүк жана гигиеналык каражаттардан турат.

Гуманитардык жардамды вице-мэр Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тосуп алышты.

Мэрия жардам селден жабыркагандарга бөлүштүрүлөрүн билдирди.

Буга чейин Өзбекстандын Анжиян облусунун администрациясы да Ошко 200 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар бар эле.

Беш кишинин өмүрүн алган сел

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. Баарынын тең сөөгү табылды.

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаган. Бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, суу ташкындан 800дөй үй зыян тарткан. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей