БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошко Москвадан "Өчпөс оттун" бир бөлүгү алып келинди

Ошко Москвадан "Өчпөс оттун"  бир бөлүгү  алып келинди

Ош шаарынын мэриясынын расмий баракчасы

Бүгүн, 4-майда Ошко Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү "Өчпөс оттун" бир бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Өчпөс отту" орус президентинин ишенимдүү адамы, актер Михаил Мамаев, «Элдик фронт» коомдук кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова, «Элдик фронт» коомдук кыймылынын Краснодар аймактык штабынын мүчөсү Никита Костоправкин алып келишти. Аларды Ош эл аралык аэропортунан мэриянын, Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, аталган өлкөнүн Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.

Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, "Эскерүү оту" эл аралык акциясынын алкагында митинг-реквием өтүп, от жагылып, андан соң Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Кыргызстандын башка шаарларына өткөрүлүп берилет.

Бул иш-чара быйыл Ош шаарында экинчи ирет өтүп жатат.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей