БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошко облусуна селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Ошко облусуна селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кара-Кулжа району. Сүрөт: ӨКМ

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин буйругу менен 21-апрелде аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын билдиришинче, 21-апрелдин кечинде Элчибек Жантаев акимдер жана Ош облустук жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын катышуусунда чукул жыйын өткөргөн. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов жалпы облустагы абалга сереп салып, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунуш киргизген. Сунуш жарандык коргонуу өкүлдөрү тарабынан колдоо тапкан.

20-апрелде жааган жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Мырзаке- Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда сел унааны агызып, бир адам каза болгон. 

Кара-Кулжада селден зыян тарткан 31 үй катталып, алардын экөө жараксыз абалда экени айтылды. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 12 үйдүн жертөлөсү суу каптаган. Ылай-Талаада 20 үйдүн короолорун сел каптап, анын ичинен 5 турак-жайга суу кирген. 

Мындан сырткары Жалал-Абад облусунунда да сел жүрүп, суу 45 турак-жайдын короолорун жана төрт үйдү каптаган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей