БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
ОшМУ Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча 2024 QS пре-саммитине катышууда
Казакстандын Алматы шаарында Аль-Фараби университетинде Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча 2024 QS пре-саммити өтүп жатат. Ага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышып жатат.
Окуу жайдан билдиришкендей, Кожобеков "Мамлекеттик органдардын, академиялык жана бизнес-коомчулуктардын интеграциясы аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн инновациялык ыкма катары: ОшМУнун тажрыйбасы" деген темада баяндама жасап, университеттеги жасалып жаткан иштер, тажрыйбаларды бөлүшкөн.
Саммит 5-7-ноябрга чейин Кытайдын Макао шаарында болот. 8-ноябрда Гонконгдогу Лингнан унивеситетинде өтөт.
Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat