БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ОшМУ робототехника адистигин окута баштайт

ОшМУ робототехника адистигин окута баштайт

Сүрөт: ОшМу

Ош мамлекеттик унверситетинин 85 жылдыгына карата окуу жайда бүгүн, 31-майда "Келечек муундун ХАБы" аталышындагы борбордун ачылышы болду. Аталган борбор Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылган.

Кытайлык компания тарабынан робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар алып келинген. Жалпы лабораториялык борборго 7 млн доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган. 

 

Борбордун алдында 2024-2025-окуу жылында ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында Кытайдагы бир университет менен биргеликте мехатроника жана робототехника адистиги боюнча 1-курска бакалаврга студенттер кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу да пландалган.

Быйыл апрель айында Кытайда аталган компания менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган. 

Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей