БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 1-июндан тарта "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, бир ай пилоттук режимде иштейт

Ошто 1-июндан тарта "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, бир ай пилоттук режимде иштейт

Интернеттен алынды

Ош шаарында 1-июндан “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет. Биринчи этабында шаардын 44 жерине камера коюларын мэриядан билдиришти.

Долбоор бир ай пилоттук режимде иштеп, жол эрежесин бузгандар сүрөт, видеого тартып алынат. Бирок айып пул салынбайт.Ал эми бир айдан кийин жол эрежесин бузгандарга айып пул расмий салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.

Долбоордун алкагында Ош шаарындагы 20 кесилишке 150 программалык аппараттар, анын ичинде беш мобилдик, 11 көчмө, калганы стационардык камералар орнотулат.
Мэрия долбоор эки этап менен ишке ашарын кошумчалады. Алгач 60, кийин 90 программалык аппараттарды орнотуу пландалууда.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош шаарларына, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган.  Долбоорду орусиялык "Вега"концерни ишке ашырган.

Ош шаарына "Коопсуз шаар" беш жыл мурун ишке кирери айтылган. Бирок долбоор 2019-жылдан 2020-жылдын декабрь айына жылдырылып, кийин да ишке ашкан эмес. Ошол кездеги вице-мэр Жасур Азимов тендерден уткан кытайлык компания видео көзөмөл аппараттарын, керектүү жабдууларды орното электигин, ошол себептүү долбоорду ишке ашыруу кечигип жатканын айткан. Андан бери долбоордун кечеңдешинин себеби айтылган эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей