БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 16 автобус айдоочу жоктугунан улам токтотулуп турат

Ошто 16 автобус айдоочу жоктугунан улам токтотулуп турат

Сүрөт: Т-Медиа

Ош шаарына Өзбекстандан алынган автобустардын 16сы айдоочу жетишпей токтоп турат. Бул тууралуу "Т-Медиага" муниципалдык автоунаа ишканасы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, айдоочулар маянанын аздыгынан улам жумушка орношпой жатат.

"Бүгүнкү күндө 16 автобус токтоп турат. Анын ичинен сегиз айдоочу эмгек өргүүсүндө. Алар кайтып жумушка келеби, келбейби белгисиз. Бир айда 25 күн иштесе 22 миң сом, 20 күн иштесе 17-18 миң сом айлык алышат. Анын ичинде салык дагы бар", -дейт мекеменин башкы инженери Ырысбек Жээналиев.

Ош шаардык мэриясы ушул жылдын февраль-март айында коңшу Өзбекстандан дагы 100 автобус сатып алганы турат. Ал үчүн дагы жүз айдоочу жумушка алынышы керек. Автоунаа ишканасы айдоочуларды жумушка кабыл алуу үчүн жарыя берген. Жаңы автобустар шаардагы 4-5 каттамга бөлүнөрү айтылып жатат. Алардын ар бири 89 миң 500 долларга бааланган. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей