БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: "Коопсуз шаар" долбоору 16-сентябрдан иштеп баштайт

Ош: "Коопсуз шаар" долбоору  16-сентябрдан иштеп баштайт

Интернеттен алынды

Ош шаарында 16-сентябрдан тарта "Коопсуз шаар"долбоору толук кандуу ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы  14-сентябрда билдирди. 

Маалыматка караганда, жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт. 

Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт:

- Ылдамдыкты ашырууда;

- Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;

- Каршы жол тилкесине чыгууда;

- Коопсуздук курун тагынбаганда;

- Жөө жүргүнчүлөргө жол берилбегенде;

- Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;

- Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;

- Жол белгилерине маани берилбеген учурда;

- "Стоп" сызыгына чейин токтоткон учурда жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаганда;

- Тротуарга унааны токтоткондо.

"Коопсуз шаар"долбоорунун пилоттук режими 1-июндан тарта ишке кирген. Анда жол эрежесин бузган айдоочулар сүрөт, видеого тартып алынып, айып пул салынбайт деп айтылган. 

Ал эми 1-июлдан долбоор толук кандуу ишке кириши керек болчу. Бирок кийин жергиликтүү бийлик 15 күн кечеңдеп жаткандыгын, буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгонун айткан. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей