БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 300дөн ашык жарнама такталары алынды. Сүрөт баян

Ошто 300дөн ашык жарнама такталары алынды. Сүрөт баян

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош мэриясы шаардын ичиндеги 309 жарнама тактанын дээрлик баарын алып бүттү. Анын ордуна эми лед экрандарды орнотууну пландап жатат. 

Жарнама такталары коопсуздук эрежелерин эске алуу менен алмаштырылып жатканын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев “Т-Медиага” билдирди. Анткени алар жол кыймылына тоскоолдук кылчу. Ошондой эле жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүү боюнча президенттин да тапшырмасы келген. 

"Президенттин каты келген. Ошондой эле Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жана Курулуш боюнча көзөмөл жүргүзгөн мекеменин коопсуздук эрежелер боюнча каты да бар. Негизинен протаколдук тапшырмалар бар. 309 жарнама тактайчасынын он бештейи мэрияныкы, калганы бүт жеке тараптардыкы. Тигиники-мунуку дебей баары четинен алынып жатат". 

Мырзалиевдин айтымында, лед экрандар качантан баштап коюлары азырынча белгисиз. 

 "Азырынча өзүбүзгө тийиштүү жерге деле, ишкерлердикине деле иш жүрө элек. Тапшырма келсе, мэрияга караштуу жарнама калканчалары атайын тендердин негизинде, бюжеттен акча бөлүнүп коюлат. Ал эми ишкерлер өздөрү орнотот. Биз алар менен келишим түзүп жатканда “эгер, мамлекетке керек убакта, алып салуу, бузуу иштери боло турган болсо жарнама такталары алынат” деп эскерткенбиз. Мисалы, он жыл иштетеби, эки жыл иштетеби, ошол убакта мамлекетке керек болсо бошотуп берүүгө милдеттендирилет. Эң негизгисин айттып койоюн. Жарнама бөлүмдүн маалыматы боюнча, калканчалары алынган жеке ишкерлер бүгүнкү күндө бардыгы актап, бутка туруп калышкан", - дейт ал.

Ош мэриясы калаадагы жарнак такталарынын ижарасынан былтыр 12 миллион сомдон ашык чогулткан. Быйыл жыл башынан ушул күнгө чейин 8,5 миллиондой топтолгон. 

Президенттин тапшырмасы менен буга чейин Бишкек шаарындагы жарнама такталары да алынган. Алардын ордуна лед экрандар коюлмак. Бирок соцтармактарда лед экран орнотууга Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги уруксат бербей жатканы боюнча пикирлер жазылууда. Аталган мекеме азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Негизи шаарда жарнама такталары шайлоодо, концерттик программаларга, ар кандай жарыяларга иштетилип келген. 

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей