БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 33 үй бүлө күчүн жоготкон токтомдун айынан үйлөрүнөн ажырап калышарын айтышууда

Ошто 33 үй бүлө күчүн жоготкон токтомдун айынан үйлөрүнөн ажырап калышарын айтышууда

Сүрөт: "Т-Медиа"

Мамира Абдуллаева Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү 484 дарегинде жашайт. Ал туура эмес токтомдун айынан үйүнөн куржалак калуу алдында турганын айтты. Үйүндө өзү балдары менен, андан башка дагы төрт үй-бүлө баш калкалайт. Абдуллаеванын үйүн мыйзамсыз курулуш деп Нуркул Шырдаков аттуу жаран сотко берген. 

Шырдаковдун арызын Жогорку сотко чейин жетип, талабы аткарылган. Бирок Мамира Абдуллаевада менчик укугун тастыктаган документ болгону менен сот аны жокко чыгарган. 

Мамлекеттик каттоодон форма 4 бизге чыгарып берген эле. Бир канча убакыттан кийин барсак ага (ред-Шырдаковго) өткөрүп коюптур да.Биздин жашай турган жерибиз жок”-  деди Мамира Абдуллаева

Нуркул Шырдаков мындан башка 34 жарандын жашаган үйүн бошотуу үчүн сотко кайрылган. Алардын сегизинин китеби жокко чыгып, Шырдаковдун атына катталган. 

Буга нааразы болгон жарандардын айтымында Нуркул Шырдаков аттуу жаран 1998-жылы Мамлекеттик мүлк фондунан 65 сотых аянтты ээлеген универмаг салмай болот. Бирок жер аянты аз болгондуктан дагы 175 сотых жер алып, жалпы 2 гектар 40 сотых жерди пайдаланууга алган. Бул Ош шаардык админстрациясынын 234 токтому менен бекитилген.

234-токтомдо жерди пайдалануу укугу жазылып, мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Токтомдо 2 гектар 40 сотых жерге үйү кирип калган жарандарга компенсация берүү маселеси каралган. Мындан сырткары Шырдаковго 2000-жылга чейин универмагты куруп бүтүрүү милдеттендирилген. Жарандар универмаг салынбаганын, компенсация алышпаганын айтышууда. 

Шырдаков менен байланышууга мүмкүн болбоду. 34 жарандын биринин маселесин Ош шаардык сотунун судясы Данияр Өскөнов карап, тийиштүү документтер болгондуктан кызыл китебин жокко чыгарганын билдирди. Алдыда дагы сот отурумдары болгон үчүн интервью берүүдөн карманды.

Мамлекеттик каттоо кызматы Шырдаковдун атына 2 гектар 40 сотыхтын ичинен 8 жер тилкеге кызыл китеп жасап берген. Андан сырткары учурда үч тилкени каттоодон баш тартып жатышканын билдиришүүдө. Бул кызмат 234-токтомдун күчү жоктугун белгиледи. 

Бул токтом катталган эмес, баардык документ катталбаса, юридикалык күчү жок”,-деди Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын адиси Кубанычбек Ахмедов .

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы 65 сотых жерди мамлкеттик мүлк фонду 1995-жылы Акматов деген жаранга бергенин билдирди. Бирок тиешелүү милдеттенмелерди аткарбагандыктан жерди кайтарып алып Нуркул Шырдаковго өткөрүшкөн. Бирок Шырдаков да милденттенмелерди аткарган эмес. Мындан улам Ош мэриясы жерди кайтарып алуу иш аракети болуп жатканын билдирди.

Буга чейинки "Т-Медиага" берген интевьюларында Нуркул Шырдаков өзү жерге карата кызыл китеби жок экенин, көк китеп алганын айткан. Бирок 2 гектар 40 сотых жер анын менчиги экенин ,ошондуктан  Жогорку сот моюндады деген ишкер.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей