БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто дээрлик 5 млн сомго курулган дүкөндөр иштебей турат

Ошто дээрлик 5 млн сомго курулган дүкөндөр иштебей турат

Сүрөттүн автору tmedia.kg

Ош шаарында эки жыл мурун 4 млн 756 миң сомго жети социалдык дүкөн курулган. Учурда анын алтөө иштебей турат. Эми мэрия алардын баарын бир адамга гана ижарага берүүнү көздөп жатат.

Бул дүкөндөр курулгандан кийин Манас-Ата кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн алдындагысы сүрдүрүлүп кеткен. Кийин аны кайра Уркуя Салиева көчөсүнө орнотушту. Азыр ага кошо Рыспай Абдыкадыров, Төлөнов көчөлөрүндөгү, Кулатов, Туран кичи райондорунда жана Кеңеш айылындагы дүкөндөр иштебей турат.

Бир гана Мамыров көчөсүндөгү дүкөн колдонулуп жатат. Бирок анда да азыктардан эт гана бар. Бир тарабын болсо, телефон аксессуарын сатуучу жай кылып алышкан. Мында негизи ун, эт, сүт, кумшекер өңдүү азыктар гана болушу керек эле. Аны иштетип жаткан сатуучу, кошумча буюмдарды дүкөн өзүн актабай, ижара наркын чыгара албай жаткандыктан сатууга койгонун айтты.

"Эт, аксессуарлар баары бир адамга карайт. Кээ бир чыгымдарды ущул жак (ред: аксессуар дүкөн) жаап жатат. Энергияга жана башка чыгымдарга коротобуз. Телефон буюмдарын саткан дүкөндү ачканыбызга эки ай болуп калды. Эт сатып жатканыбызга бир жылдан өттү. Эми арзаныраак алып келип, аракет кылып жатабыз", - дейт сатуучу Абдумалик Махмуджан уулу.

Бул социалдык дүкөндөр Ош шаарынын мурунку мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен курулган. Бирок арадан эки жыл өтсө да алгылыктуу иштей элек.

"Мен чынын айтсам бир-эки жолу кирдим. Баасы башка дүкөндөрдөн арзаныраак эле. Базардан 10-20 сом арзан болчу. Эми элдер кирбей койгон үчүн иштебей турат да. Иштесе жакшы болмок. Жоктон көрө бары жакшыда" - дейт Кулатов кичи районундагы иштебей турган социалдык дүкөндүн аймагындагы жашоочулардын бири.

"Бул жер бир жылдан бери иштебей калды. Социалдык дүкөндү бир бала келип иштетип, бирок өзүн-өзү актай албай калды. Элдин баары базарга үйрөнүп калган да. Базар тарапка кетип калат. Ошондон бери бул дүкөн бош турат. Бизге окшогон карапайым элге арзаныраак кылып, ижарага берсе иштетмекбиз" - дейт жашоочулардын дагы бири.

Муниципалдык менчик башкармалыгы болсо, дүкөндөрдүн кароосуз калганына, сатуучулар келишимди аткарбаганын себеп кылып жатат.

"Тилекке каршы, алар социалдык дүкөндөргө жободо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, келишимдерге ылайык убагында ижара акысын төлөй албай коюшту. Талаптарга ылайык иштете албады. Талаптар, эт сатылышы керек. Сегиз түркүн азык-түлүк сатылышы керек. Сатуучулардын дагы өздөрүнүн жүйөлөрү болгон. "Анысы керек экен, мунусу керек" депчи. Аны көзү жеткен адам алып иштетиши керек эле да. Үч ирет (ред- сынак) жарыяланды, үч ирет тең жеке ишкерлер иштетте алышкан жок", - дейт  Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев.

Калаа бийлиги социалдык дүкөндөргө төртүнчү ирет конкурс жарыялоого камынып жатат. Соода түйүндөрүнүн ижара наркы чарчы метрине 2300 сомдон башталары болжолдонууда. Жети социалдык дүкөндүн баары сынакка катышкан ишкерлердин бирөөсүнө гана тапшырылып, зарыл азыктардан башка буюмдар сатылбайт деп айтылып жатат.

Автор: Бурханов Байэл > 9 статей