БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош-Ноокатка каттаган айдоочулар өзүнчө жай ачып берүү талабы менен нааразылыкка чыгышты

Ош-Ноокатка каттаган айдоочулар өзүнчө жай ачып берүү талабы менен нааразылыкка чыгышты

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош-Ноокат каттамындагы такси айдоочулар бүгүн, 14-мартта нааразычылыкка чыгышты. Элүүдөн ашык айдоочу мэрияга келип, таксилерди автобекетке эмес, Төрөбай Кулатов кичи районундагы жолдун жээгине жылдырууну талап кылышты. Болбосо автоунаалар үчүн атайын жай же элди автобекетке чейин ташыган маршурттук каттам ачыш керек дейт. 

Айдоочулардын сөзүнө караганда, такси каттамдары автобекетке жылгандан бери жүргүнчүлөр барбай жатат. Кызыл-Кыя, Ноокатка такси кылган Асан Капаров автобекетке баргандарына 15 күндөн ашып калганын, бирок жүргүнчү жоктугун билдирди. 

"Кулатовго МАИлер "токтогонго болбойт" деген жол белгисин коюшуптур. Барып токтосок эле айып пул салууда. Мага 1000 сом, эми дагы түшсөңөр 5 миң сом деп жатышат. Автобектке барсак, айдоочулардын баары кезекте турат. Себеби адам барбай жатат да. Кечке жөн эле турабыз. Айла жок кайра Кулатовго келебиз", деди Капаров.

Айдоочулар менен жолуккан калаа башчысы Бакытбек Жетигенов такси каттамдары автобекеттен гана жүрүшү керектигин эскертти. 

"Автобекеттен гана каттагыла, андан башка жерге болбойт. Биз автобекеттен шарт түзүп бердик, элди көндүргүлө", -деди мэр Жетигенов. 

Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы такси каттамдары президенттин жарлыгына ылайык автобекетке көчүрүлгөнүн маалымдады. Ал эми жол белгилери жашоочулардын нааразычылыган кийин коюлган.  Мекеме эреже сактабагандарга 3 миң сомдон айып пул салынарын эскертти.

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей