БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 30 айыл аймак бириктирилет. Тизме

Ошто 30 айыл аймак бириктирилет. Тизме

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

"Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка ылайык, Ош облусундагы 88 айыл аймактын саны 58ге кыскарып жатат. Ошондо жалпы 30 айыл аймак бириктирилди.

Президент Садыр Жапаров аталган жарлыкка өткөн жылдын 30-декабрында кол койгон. Төмөндө Ош облусундагы бириктирилген айыл аймактары:

Алай районунда Жаңы-Алай айыл аймагы өзгөрүүсүз калтырылып, калган аймактары бириктирилет. 

Административдик борбор сүрөттө борбор деп берилген.

Кара-Суу району боюнча жогорудагы тизмеге кирбегендер өзгөртүлбөйт. Алар Жоош, Мады  жана Савай айыл аймактары.

Ошондой эле Кара-Суудагы Катта-Талдык, Баш-Булак жана Нариман айыл аймактары Манас, Шарк, Датка айыл аймагы деп кайра аталат. Ал эми Сарай айыл аймагы Кара-Суу шаарынын курамына киргизилет.

Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айыл аймактары, Папан айыл аймагынын Ак-Буура 1, 2, 3 жана 4 участоктору, Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик участоктору жана Имам-Ата айылы Ош шаарынын карамагына өткөрүп берилет.

Ноокатта Жаңы-Ноокат, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Кара-Таш, Көк-Бел, Н. Исанов, Т. Зулпуев, Мирмахмудов, Гүлистан жана Бел айыл аймактары бириктирлген жок.

Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Куршаб, Жалпак-Таш жана Кароол айыл аймактарында өзгөрүү болбойт. 

Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турат.

2023-жылы Ысык-Көл облусунун Түп району менен Нарын облусунун аймагында административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоору ишке ашырылып баштаган. Кыргызстандын  учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт баскычтуу системасына негизделген: республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактары менен шаарлар.

Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери жети облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинде эки республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.

Автор: Осмонова Айдана > 505 статей