БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто "ARTүрдүүлүк" сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Сүрөт баян

Ошто  "ARTүрдүүлүк" сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Сүрөт баян

Коллаж

Ош шаарында жайгашкан Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде "ARTүрдүүлүк" чыгармачылык лабораториясынын пленэрдик эмгектердин көргөзмөсү өтүүдө. Анда Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарый, Ысык-Көл облустарынан келген 40 сүрөтчүнүн 150дөн ашык эмгектери коюлган.

Уюштуручуулардын айтымында, сүрөтчүлөр беш маршруттук топко бөлүнүшкөн. Андан соң алар Ош, Баткен, Талас, Нарын облустарын, Бишкек, Каракол шаарларын жана Чоң-Алайга караштуу Дароот-Коргон айылын кыдырып, жаратылыш өзгөчөлүгүн, жергиликтүү тургундардын жашоосу менен таанышкан.

Пленэрдин алкагында сүрөтчүлөр Кыргызстандын жаратылышын жана маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган 150дөн ашык эмгектерди живопись жана графика жанрында тартып кайтышкан. 

Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин уланат. Аны жуманын бардык күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин көрүүгө болот. 

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү (ПРООН) программасынын алкагында ишке ашкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей