БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто автомектептин мугалими акча талап кылууга шектелип кармалды

Ошто автомектептин мугалими акча талап кылууга шектелип кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарында унаамектептин кызматкери опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 5-август күнү калаадагы автомектептин мугалими "айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменден өткөрөм" деп 50 миң сом сураганын айткан.

ИИМ 13-августта мугалимди арыздануучудан 40 миң сом алып жатканда кармаганын кабарлады. Милиция кайсы автомектеп тууралуу сөз болгонун ачыктаган жок. 

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн автомектепти аяктаганы тууралуу күбөлүк менен теориялык жана практикалык сынактан тапшырылат. Теориялык сынакта 20 суроо болуп, анын 18ден көбүнө туура жооп берген жаран экзаменден өткөн болот. Айдоочулук күбөлүктү “Унаа” мамлекеттик ишканасы жазып берет.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей