БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ошто аялдар арасында волейбол турнири өттү

Ошто аялдар арасында волейбол турнири өттү

Сүрөт: USAID

"Зомбулукка каршы активдүү аракеттердин 16 күнү" глобалдык кампаниясынын алкагында Ошто аялдар арасында волейбол турнири өттү. Жыйынтыгында биринчи орунду Папан айыл аймагы ээлесе, экинчини Баш-Булак айыл аймагы алган. Ал эми үчүнчү, төртүнчү орундарга Папан, Мады айыл аймактары илешкен. 

Спорттук иш чара USAID уюмунун "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорунун алкагында уюштурулган. 

"Турнир коомчулуктун үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө көңүлүн бурдуруу, зомбулуксуз жүрүм-турум маданиятын жайылтуу, аялдардын спортко жана чечим кабыл алуу процессине активдүү катышуусун стимулдаштыруу максатында өткөрүлдү", -дейт уюмдун өкүлдөрү. 

"Зордук - зомбулуксуз 16 күн" акциясы - бул зомбулук, өзгөчө аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселелерине көңүл буруу максатында уюштурулган эл аралык кампания. Иш чара 25-ноябрь - Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда - Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат. Акция өлкөдө жыл сайын өткөрүлүп келет. 

Кыргызстанда соңку жылдары аялдарга карата зордук-зомбулук күчөдү. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын он айында үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 14 миң 293 факт катталган.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала