БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Ошто баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Сүрөт: Ош облустук ички иштер башкармалыгы

Ош шаарынан 45 жаштагы жаран баңгизат алып жүргөн делген шек менен кармалды. Учурда бул ишке тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

2023-жылдын 28-декабрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнө белгисиз жаран шектүү зат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада Оштон 1979-жылы туулган А.Б. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Анын жанынан салмагы 3,72 граммды түзгөн белгисиз зат табылган. Тийиштүү экспертизадан кийин аталган зат “гашиш” баңгизаты болуп аныкталган.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо” же 283-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен камакка алынган.

 

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей