БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: муниципалдык кызматкерлер мониторинг жана баалоо боюнча окутуудан өтүштү

Ош: муниципалдык кызматкерлер мониторинг жана баалоо боюнча окутуудан өтүштү

Сүрөт: USAID

Ошто муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү мониторинг жана баалоо боюнча окутуудан өтүштү. Иш-чара Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорунун алкагында 22-майда башталып, 23-май күнү жыйынтыкталды. 

"Тренингдин максаты - өнөктөш муниципалитеттердин өкүлдөрүнө мониторинг тобунун курамы, анын максаттары, укуктары жана милдеттери, ошондой эле иш принциптери жөнүндө теориялык билим берүү болуп саналат. Окутуу Министрлер кабинети менен биргеликте уюштурулду. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо болууда", -деп айтылат маалыматта.

Эл аралык өнүктүрүү агенттигинен билдиришкендей, учурда Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүндө спорт боюнча элге кызмат көрсөтүлүп жатат. Мындан тышкары катуу таштанды калдыктардын чогултуу боюнча тарифтер иштелип чыгып, коомдук угууга коюлууда.

Мады айыл өкмөтүндө болсо комуз ийрими уюштурулган. Спорттун дзюдо, самбо жана эркин күрөш боюнча мелдештер уланууда. Ал эми жакында Папан айыл өкмөтүндө жаштарга программалоо курстарын онлайн окутулат. Комузга кызыккандарга ийрим уюштурулган.

"Тренингде Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген катышуучулар тажрыйба алмашты. Бул мониторинг топтун мүчөлөрүнө алдыңкы тажрыйбаларды талкуулоого жана аймактар менен кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүндүк берет", -деп айтылат маалыматта.

Топтордун мүчөлөрү алган билимдеринин негизинде USAIDдин "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорунун алкагында түзүлгөн кызматтарга мониторинг жүргүзө алышат. Ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын тастыктоо же сунуштарды берүү менен айыл аймактарынын ишин жакшыртууга көмөктөшөт.

USAIDдин "Ийгиликтүү аймак 2" долбоору Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустарында ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа болуп саналат. Анын алкагында элүү муниципалитеттин өкүлдөрү бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын окуп үйрөнүшөт. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей