БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто бизнес менен окуу жайдын карым-катнашын жакшыртуу талкууланат

Ошто бизнес менен окуу жайдын карым-катнашын жакшыртуу талкууланат

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарында бизнести, билим берүү жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртып, аймактарды өнүктүрүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүтөрдү талкуулоо үчүн форум өткөнү жатат. Иш-чара 31-майда Ош мамлекеттик университетинде болот. Ага Кыргызстандагы жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, 63 бизнес компаниялардын жетекчилери катышат. 

Форумдун алкагында ОшМУда көргөзмө уюштурулуп, 52 бизнес компаниялардын продукциялары, студенттердин эмгектери коюлат. Ошондой эле кантип окуу жайлар менен бизнес-чөйрөнү жана өндүрүштүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, аймактардын экономикасын өнүктүрүү үчүн жаңы кадрларды кантип даярдоодо тууралуу панелдик дисскуссиялар өтөт.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей