БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто үч эм төрөлдү

Ошто үч эм төрөлдү

Сүрөт Ош шаардык мэриясынын Facebook баракчасынан алынды

Ош шаарында 32 жаштагы Чолпон Садирали кызы үч эм төрөдү. Аларга мэриядан сүйүнчү акча берилгенин муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады. 

Көз жарган келин, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу. Анын жаңы төрөлгөн ымыркайларына Али, Айлин, Аманда деген ысымдар коюлду.

Чолпон Садирали кызы ушуну менен 5 балалуу болгон.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей