БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто жер астынан, үстүнөн унаалар жана адамдар өтүүчү өтмөк курулат

Ошто жер астынан, үстүнөн унаалар жана адамдар өтүүчү өтмөк курулат

Өтмөктүн долбоору/ Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Ошто жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Учурда долбоор бүтө элек, бирок жолго чыгып кеткен курулуштарды бузуу иштери башталды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош мэриясына караштуу капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Өтмөк калаадагы Ысакбек Монуев, Аскар Шакиров жана Айбек Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине салынат. Мындан сырткары аталган көчөлөр оңдоп-түзөөдөн өтөт. Пайзиев долбоор толук иштелип бүтө электигине байланыштуу бюджети бекитиле электигин айтты. 

"Долбоору жакында бүтөт, бүткөндөн кийин сметага беребиз. Курулушу жаз айларында башталып, шаардын ортосунда болгондуктан батыраак бүрүүрүгө аракет кылабыз", -дейт ал.

Ал эми Ош шаардык регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкери Мирлан Өмүралиев өтмөк түшө турган көчөлөрдөгү канча курулуш сүрдүрүлүшү боюнча тактоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Учурдагы маалымат боюнча 13 объект тизмеге алынган.

"Азыр так айта албайбыз. Дагы тактоо иштери жүрүп жатат. Ал жердеги объектилердин ичинде биринин тосмосу, имараттынын 2-3 метр жери сүрдүрүлүшү мүмкүн".

Ош шаарында жол тыгынын жоюу максатында 2023-жылы Абсамат Масалиев жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишинде өтмөк курулган. Ага казынадан 45 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Тендерден "Сапат Курулуш" компаниясы жеңип, куруп бүтүргөн. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген. Бирок мэрия өтмөк азырынча мекеменин балансына өтө электигин билдирген. Мындай учурда курулушту колдонууга уруксат берилбейт. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей