БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто экинчи өтмөктүн курулушу башталды

Ошто экинчи өтмөктүн курулушу башталды

Өтмөктүн долбоору/ Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Бүгүн, 19-июнда Ош шаарында жер астынан-үстүнөн автоунаалар жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушу башталды. Буга байланыштуу калаага кирүүчү жолдун бир тарабы белгисиз мөөнөткө жабылат.

Мэриянын маалымдашынча, эки деңгээлдүү өтмөк калаадагы Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине салынууда. Курулушка 269 млн сом сарпталат. 

"Бүгүн өтмөктүн курулушу боюнча муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө кеңешме жыйынын өттү. Мында тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, эки нөөмөт менен жумушту уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев көчөсүндө унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт", -деп билдирди мэрия.

Өтмөк жол тыгынын жоюу максатында курулууда. Быйыл кышка чейин пайдаланууга берилери пландалган. Буга чейин мэрия курулшка тоскоолдук жараткан 13 объект сүрдүрүлөрүн маалымдаган.  

2023-жылы Ош шаарында Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулган. Ага казынадан 45 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Тендерден "Сапат Курулуш" компаниясы жеңип, куруп бүтүргөн. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген. Бирок курулушу толук аяктай элек. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей