БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы жаңы өтмөктү кабыл ала элек

Ош: Курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы жаңы өтмөктү кабыл ала элек

Сүрөт: Ош-мэриясы

Ош шаарындагы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулган жөө адамдар өтүүчү өтмөк эксплуатацияга бериле элек. Мындай учурда курулушту колдонууга уруксат жок. Буга байланыштуу Ош шаардык Курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы Капиталдык курулуш башкармалыгына өтмөктү курган компанияга аны колдонбой туруу боюнча билдирме жөнөтүүнү эскерткен. Бул тууралуу "Т-Медиага" мекеменин жетекчиси Руслан Суракматов билдирди. 

"Бизде уруксат берүүчү докуметтерди даярдоочу 114-токтом бар. Ошонунун негизинде колдонууга уруксат беребиз. Ал эми бул масале боюнча биз мыйзам чегинде чара көрөбүз. Бир-эки жолу эскертүү бердик. Азыр эми алар тиешелүү документтерди алып келебиз деп жатышат. Алып келбесе чара көрөбүз", -дейт ал.

Абсамат Масалиев жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулган өтмөкө казынадан 45 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Тендерден "Сапат Курулуш" компаниясы жеңип, куруп бүтүргөн. Курулуш учурунда өтмөктүн бир тарабындагы тирөөчү кулап түшкөн. Бул окуядан кийин мамлекеттик Курулуш агенттигинин ошол кездеги жетекчиси келип, анын негизинде комиссия түзүлгөн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей