БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Ошто эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды

УКМК: Ошто эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Ошто "Шрек" каймана аты бар эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 8-майда маалымдады. 

Мекеменин билдирмесинде шектүү коңшу мамлекеттерге баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурганы айтылат. Ал 29-апрелде кармалып, жанынан 1 килограмм салмактагы "Гашиш" табылган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Атайын кызмат шектүү Ошто негизги баңги өндүрүүчүлөрдүн бири экенин белгиледи. 

"Баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт, кылмыштуу иштерин болсо уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Мындан тышкары Я.М.М. уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат" - деп айтылат маалыматта. 

Кармалган жаран буга чейин Орусияда героин түрүндөгү наркотикалык каражаттарды сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. УКМК андан жабыр тарткандар болсо 0312 660475, 0312 626504, 03222 70009 байланыш номерлерине кайрылууну суранды. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей