БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга арналган спектакль коюлууда

Ошто  үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга арналган спектакль коюлууда

Сүрөт: Ош мэриясы

Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драм театрынын эмгек жамааты Ошто чыгармачыл сапары менен болуп, эки спектакль тартуулашууда. 

Бүгүн, 15-апрелде Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында мектеп окуучулары үчүн "Биз бир тууганбыз" жомогу сахналаштырылды. Драматург Бурулкан Калчабаеванын калемине таандык бул чыгарма табият менен таттуу мамиледе болууга үндөйт.

Ал эми ушул эле күнү түштөн кийин театр сүйүүчүлөрүнө кылмыштуулукту алдын-алууга жана зомбулукка жол бербөөгө арналган "Жашагым келет" аталышындагы спектакль коюлду. Чыгармачыл топ алдыда Кыргызстандын аймактарын бүт кыдырып, андан кийин коңшу өлкөлөргө да чыгууну пландоодо. 

"12-14 күндүк гостролду алгач түштүк жергесинен, Оштон баштоону чечтик. Андан кийин Жалал-Абад, Өзгөн, Чүй, коңшу Казакстан, Ташкент жана башка аймактарга да коюу пландалууда. Бул спектаклдер Маданият жана Билим берүү министрликтеринин колдоосу менен коюлууда. Балдарга жомок жана спектакль эмне экенин жеткирүү максатында тарбиялык мааниси бар жомок, спектаклдарды кою каралган", - дейт Талас драма театрынын башкы администратору, актёр Муса Шатманов. 

Спектаклдер Ош улуттук драма театрында 15-18-апрель күндөрү саат 11:30да жана 15:00дө коюлат. Мындан тышкары мектептерге да барышат. 

Автор: Улуш Сайпидинова

Автор: Т-Медиа > 352 статей